Дүйшөмбү шаарында өкмөт башчылар бир катар документтерге кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:
- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу (каалоо боюнча);
- Эркин тейлөө соодасы жөнүндө келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун төрагасынын маалыматы тууралуу;
- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу (2018-жылдын күзүндө Казакстан Республикасында өтөөрү күтүлүүдө).
Андан соң КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө Келишим тууралуу», «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу жаатындагы Кызматташтык концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планы жөнүндө» документтерине кол коюлду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: