28.08.2019 12:48

Дүйшөнбек Зилалиев: Латвияда жубайыма жана балдарыма кылмыш иши козголду деген маалымат -жалган

Дүйшөнбек Зилалиев: Латвияда жубайыма жана балдарыма кылмыш иши козголду деген маалымат -жалган

КР мурунку вице-премьер-министри, учурда «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен шектелип, абакта жаткан Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жасады. Анда УКМКнын «Латвияда Зилалиевдин жубайы жана жашы жете элек балдарына карата кылмыш иши козголду» деген маалыматы жалган экенин билдирет.  

Зилалиевдин айтымында, балдарынын банк эсеби аркылуу миллиондогон акчалар үчүнчү өлкөлөргө которулганы тууралуу маалымат да чындыкка жатпайт. 

«Биринчиден, Латвиядагы банкта жашы жете элек балдарымдын эсеби бар экенин биз эч качан жашырган эмеспиз жана бул жөнүндөгү документтердин түп нускасын УКМКнын тергөөчүлөрүнө өткөн жылдын декабрында эле бергенбиз. Башкача айтканда, тергөөгө эбак белгилүү жана ачык маалыматты коомго сенсация катары көрсөтүү аракети жүрдү. Эмне себептен деген суроо туулат?

Экинчиден, менин балдарымдын эсеби камакка алынганы жана акчанын изин жашыруу мүмкүндүгү фактысы менен кылмыш иши ачылганы тууралуу кабарлама Интерполдон эмес, Латвия полициясынан  ушул жылдын март айында келген. Катта бул стандарттуу жараян экени, мага козголгон кылмыш иши сотто каралып бүткүчө созулаары туурасында түшүндүрүлгөн. УКМК болсо, менин жашы жете элек балдарыма, жадагалса, 4 жаш, 10 ай болгон кичүү кызыма да кылмыш иши козголду деп маалымат таратты. 

Иш менин балдарыма карата эмес, факт боюнча козголгон. Муну менен УКМК атайылап коомду башка ойго түртүп жатат.  

Үчүнчүдөн, биз бул эсептерде акыркы убактарда кандай операциялар жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтарды чыгартып алдык. Анда эсеп ачылган 2017-жылдан бери эч кандай операция жүрбөгөнү даана көрүнүп турат. Жүрмөк дагы эмес, анткени, бул билим алууга акча топтоочу эсеп болчу жана андан бир тыйын да которуп кетүү мүмкүн эмес. «Белгисиз жакка ири суммадагы акча которуп кетиптир» деген бул - УКМКнын дагы бир калпы. 

УКМКнын үчүнчү сорттогу жалган жаңылыктардын жана ушактардын генераторуна айланып калганы өкүндүрөт», -деп айтылат кайрылууда. 

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Латвияда Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тараткан.