02.04.2019 10:45

Дүйшөнбек Зилалиев: УКМК мага Алмазбек Атамбаевди каралаган көрсөтмө берүүнү сунуштады

Дүйшөнбек Зилалиев:  УКМК мага Алмазбек Атамбаевди каралаган көрсөтмө берүүнү сунуштады

Декларация кылынбаган каражаттарды сактаганы үчүн абакта отурган экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев аны экс-президент, КСДП лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кызматташууга үндөшкөнү туурасында билдирген кат таратты. 

Каттан үзүндү келтиребиз: «Өткөн 4 ай ичинде териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн мени бир да жолу чакырышкан жок. Мага менин жакындарыма жана туугандарыма жаман иштерди жасоо менен кысым көрсөтүшүүдө. Мен болсо, менден эмне каалап жаткандарын качан айтышаар экен деп күттүм. Бул системанын кишиси катары сөзсүз бир нерсе болооруна ишенгем.  

Анан күткөнүм келди...Күн мурун мени УКМКнын кызматкери чакырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуш кылды. Мага карата болуп жаткан чектен чыгуулар эми түшүнүктүү болду. Мени сындыруу жолу менен  Атамбаевге каршы кызматташууга көндүрүшмөк экен. 

Мага кытайлык компаниянын кайсы бир лицензиясы боюнча маселени чечүү үчүн Илмиянов аркылуу Атамбаевге 1 млн доллар бергем деп айтууну сунушташты. Мындай көрсөтмө бергеним үчүн мени күбө катары алып, Тергөө абагынан чыгарууну убадалашты. Жиндикана! Албетте, мен буга көнгөн жокмун. Мага козголгон кылмыш иши буюртма экени айкын болду жана калыстык менен каралаарына үмүтүм үзүлдү.  

ЖЭБ жана башка кылмыш иштери боюнча Атамбаевди ооздуктап алууга мүмкүн болбой калгандыктан, эми ага мен аркылуу жетүүгө аракет кылып жатышат. Коррупция менен болгон күрөш мына ушул экен!», -деп жазылат катта.