11.04.2019 14:20

"Дөө Чыңгызга" издөө жарыяланды. ИИМ анын кооптуулугун эскертет

"Дөө Чыңгызга" издөө жарыяланды. ИИМ анын кооптуулугун эскертет

Оорукананын жанына сабалган адамдарды таштап кеткен фактыга тиешеси бар эки жаран кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ички иштер органдары тарабынан оор кылмыш ишине шектүү катары 1981-жылы туулган Жумагулов Чынгыз (“Дөө Чынгыз”) издөөгө алынды. Жакында, ЖМКларда 10-апрель күнү болжол менен түнкү саат бирлер чамасында оорукананын астына сабалган эки адам ташталганы, алардын бири өзүнө келбей көз жумганы тууралуу маалымат тараган. Ыкчам-иликтөө иш-чаралар учурунда реанимациялык столдо түнкү саат 00:20да көз жумган жаран Талас облусунун 45 жаштагы түргуну И.А. экени аныкталган. Экинчиси азиат улутундагы болжол менен жашы 25-30 чамасындагы адам медициналык-реанимациялык иш-чаралар учурунда саат 10:00 до реанимациялык столдун үстүнөн көз жумган. Ал Талас облусунун тургуну 36 жаштагы У. А. экендиги такталып, мурда тоноо жана карактоо фактылары менен соттолгондугу аныкталган.

Жогорудагы факт боюнча КР Жазык кодексинин 138-беренесинин 2,3-бөлүмү (денеге оор залал келтирүү менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кийин Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Баш айлынан ооруканадан каза болгондордун бирине таандык “Ауди С-6” үлгүсүндөгү автоунаа табылып, унааны кароо учурунда, унаанын ичинде кандын тактары бар экендиги, андан сырткары “ПМ” үлгүсүндөгү тапанча эки магазини жана дүрбү, уюлдук телефондор табылган. Сотко чейинки иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө оор кылмышка тиешеси барлардын өздүгү такталган.

Аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун тургундары 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камалышты. КМКнын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат жана мурда бир нече жолу соттолушкан.

Азыркы убакта аталган кылмышка шектүү катары үчүнчү адамды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.