23.09.2019 14:00

«Единая Россия» Сагынбек Абдрахмановду «КСДП» лидери катары тааныбайт

«Единая Россия» Сагынбек Абдрахмановду «КСДП» лидери катары тааныбайт

«Единая Россия» саясий партиясынын өкүлдөрү Сагынбек Абдрахмановдун «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын тааныбайт. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагында КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.  

19-сентябрда массалык маалымат каражаттарында россиялык «Единая Россия» партиясы Сагынбек Абдрахмановду тааныганы, эми ал «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөөрү тууралуу жаңылык чыккан. 

«19-сентябрда Россия Федерациясындагы КСДП расмий өкүлчүлүгү «Единая Россия» партиясынын жетекчилигине бул учурду тактоо өтүнүчү менен кайрылган. 22-сентябрда саясий партиянын өкүлдөрү расмий түрдө Сагынбек Абдрахманов менен жолугушуу болбой турганын билдиришти», -дейт Султанбеков.  

Ал ошондой эле, «Единая Россия» партиясы Сагынбек Абдрахманов жетектеген «Атамбаевсиз КСДП» партиясы менен эмес, лидери Атамбаев болгон КСДП менен Макулдашуу түзгөнүн эске салды.

«Дээрлик бардык чет элдик уюмдар менен саясий партиялар рейдерликти тааныбоо үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Баарына рахмат», -деди Темирлан Султанбеков.