17.08.2019 20:10

Эгер силер, чала саясатчылар, экс-президентти ушунчалык жаман көрсөңөр, аны ишиңер менен жеңгиле!- Сеид Атамбаев

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Эгер силер, чала саясатчылар, экс-президентти ушунчалык жаман көрсөңөр, аны ишиңер менен жеңгиле!- Сеид Атамбаев

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев элге кайрылуу жасады. 

Анын сөзүн толук беребиз: 

«Кудай бизди достордон сактасын, душмандардан өзүм эле кутулуп алам!

Акыркы күндөрү Владимир Высоцкийдин биздин атабыз жакшы көргөн ырлары кайра-кайра эске түшөт. Балким, анын «О друге», «Я не люблю» аттуу жана башка ырлары сиздин да эсиңизде болсо керек. Атам достукту абдан баалачу, майдаланчу эмес, бир нерсе айтса, чын дилинен бетке айтчу! Кара санатай, митаам жана эки жүздүү адамдарды жаман көрчү.

Кыйынчылыктарды жеңүү менен эмес, бирөөнүн жардамынын аркасында жеткен ийгиликтерге чиренүү оңой. Мүмкүн, ошон үчүн учурдагы Президент өз кызматынын толук жоопкерчилигин сезбей жатат көрүнөт, анткени ал кызмат ага аябай эле оңой келди.

Өзүнө окшош кадрларды маалымат жыйынга жөнөтүп, пастык жана майдачылдык менен бүт өлкөгө менин атамды коркок деп айттырыш -жүзү каралык! 

Ал адам Атамбаевдин балдары, неберелери, туугандары болушу мүмкүн деп ойлонгон жок! Баса, аларды атам өзү сейрек көрчү, элге жана мамлекетке кызмат кылып жатып, үй-бүлөлүк иш-чаралардын дээрлик баарына катышпай калчу. 

УКМК жетекчиси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, элдерди «отургузгандан» кийин кызматтан кетерин белгиледи. 

Бул эмне - өч алуубу же кандайдыр-бир таарынычпы?! Менин оюмча, мамлекеттик кызмат менен жеке мамилелердин ортосунда чек болушу керек. Бизде эмне 1937-жылбы?! Эмне үчүн бизде мамлекеттин коопсуздугу үчүн жооп берүүчү аткаминер бийликтин көз карандысыз бутагы болгон соттун функциясын өзүнө алып алаарын эркин жана ачык айта алат? Эмне үчүн бардык жакта өзүм билемдик орун алды? Эмне үчүн мыйзамсыздыктын учу-кыйыры жок болуп баратат?  Эмне үчүн бийликти мыйзамсыз чабуулдун кесепетинен муштум жеп, ок жеп жана зомбулук көргөн жүздөй адамдын тагдыры кабатырлантпайт? 

Кой-Таштагы биринчи операциядан кийин Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, Орозбек Опумбаев «ок чыгарууга уруксат бербегенине» өкүнөөрүн билдирди.

Чын-чынына келгенде, ал куйтуланып жатат, анткени ал жерде чындап эле атып жатышты, желим октор менен эмес, Калашников автоматынан, балдарга, аялдарга жана карыларга карата көздөн жаш агызуучу гранатаны, түтүн чыгаруучу каражатты ыргытышты. Атамбаев элге чыгып, жөн гана сүйлөшүп, селфи жасай турган убакытты тандашты. Бул чагым эмей эмне? Эмне үчүн бийликтегилер Атамбаевдин үйүндө жөнөкөй, тынч жарандар көп боло турган убакытты тандашты?! 

Биздин атабызды коркок деп атаган Опумбаевдин сөздөрү сандырактык жана болгону ырайымдуу  жылмаюуну чакырат! 

Атам качып кетпей, эл менен калган мындай рангдагы жападан жалгыз саясатчы! Кыргызстанда эл кубалап ийген эки президент жана эл өзүнүн өмүрүн, ден соолугун жана эркиндигин аябай коргогон бир президент болду! Мен улуу даанышмандыкты көрсөткөн элим менен чексиз сыймыктанам! Менин атамды эл басып алган жок, менин атамды бийлик басып алды!  

Эгер атамдын Жээнбековдордун үй-бүлөсү тууралуу айткан сөздөрүн эстеп көрсөм, ал Сооронбай  Шарипович, Асылбек Шарипович, Жусуп Шарипович жөнүндө жалаң жакшы сөздөрдү айтыптыр! Алардын үй-бүлөлөрү тууралуу атам эч качан жаман айткан эмес! Ал өзүнүн баладай ишенчээктиги менен артынан чыккынчылык кылып жатышкандарынан жана бийликке жеткирген далысына бычак саюуга, айтылган чындык сөздөр үчүн саясаттан жана мамлекеттик башкаруудан алыс карманган биздин үй-бүлөбүздөн кокондук мыкаачылык менен өч алууга камынып жатышканынан шек санаган да эмес. 

Бийликтегилердин бир заматтын ичинде баарын астын-үстүн кылып, элдин жана менин атам башында турган бийликтин жетишкендиктерин каралап, ошондой эле, катаал 2010-жылдан кийин биздин атабыз күкүмдөн чогулткан элдин биримдигин чачып жиберишкенин көрүү өтө кайгылуу! 

2010-жылдан кийин өлкө бөлүнүп кетүү коркунучунда турган, ал эми 2017-жылы биздин атабыз күчтүү армиясы, өнүккөн инфраструктурасы бар жана экономикасы ыкчам өнүгүп жаткан эгемен мамлекетти ушул адамга өткөрүп берди! 

Биздин акыркы сүйлөшкөнүбүз эсимде, анда мен атамдан: «Жарым өмүр дос болгон адамын кантип оңой эле сатып кетүүгө болот?» деп сурадым. Ал күлүмсүрөп туруп, мага жооп берди: «Балам, жашоодо кимдир-бирөөгө ишениш керек, ишеним болбосо, адам өзүн жоготот».

Менин атама карата бул эмне деген жек көрүү, каар жана көрө албастык?! 

Жээнбековдор эч нерседен уялышпайт экен, эмне калса, ошонун баарын, эмнебиз болсо, ошонун баарын тартып алып жатышат, ушундай да киши болобу.  

Эгер силер, чала саясатчылар, экс-президентти ушунчалык жаман көрсөңөр, аны ишиңер менен жеңгиле, эл үчүн Алмазбек Атамбаевден да жакшы иштеп бергиле. 

Албетте, дал азыр өздөрүнүн Дангларлары, Фернандары, Кадрусстары жана Вильфорлору пайда болот, алар бизди тебелеп-тепсеп, басынтып, жаманатты кылышат, бирок билгиле - биз багынып бербейбиз!   Биз муну эстеп жүрөбүз, күн сайын, мүнөт сайын, ар бир сүйлөшүүнү жана бизге болгон ар бир мамилени эстеп жүрөбүз! Бирок биз эч качан өч албайбыз, анткени, атам бизге жамандыкка жакшылык менен жооп бергенди үйрөткөн, анткени репрессия жасоо, эч далили жок бирөөнү каралоо, сатып кетүү жана эки жүздүү болуу биздин колдон келбейт! Анткени, биз башкабыз жана биз убактыбызды жакшы нерсе жаратууга коротууну артык көрөбүз!

Айта кетерим, кыргызстандыктардын жаңы мууну жаш болсо да, эскилерге карама-каршы келатат!  Алардын арасында лидер болчулары эмитен эле байкалууда. Азыркы жаштар калыс сөздүү жана менин байкашымча, Кудай буюрса, жакынкы келечекте биз эски, чала сабат, дүжүр чимкириктерди көрбөй калабыз, алардын ордуна жаңы, элита болбосо да, өз өлкөсү үчүн күйгөн эр жүрөк жаш саясатчылар келет! 

Атамдын бизге берген тарбиясы менен сыймыктанам! Биз атабызды аябай жакшы көрөбүз жана сыймыктанабыз! Ал бизге ар дайым алдыны карап жашаш керектигин, жүрөгүң ооруп турса да, көз жашыңды көрсөтпөөнү, эч кимден коркпоону, кандай болгон учурда да чындыкты айтууну кулагыбызга куюп келген! 

Качандыр-бир атабыздын үмүтүн актайбыз деп ишенем!»