04.07.2019 14:03

Екатеринбургда киши колдуу болгон кыргыз ишкери. Кол салуу учурунун тасмасы

Екатеринбургда киши колдуу болгон кыргыз ишкери. Кол салуу учурунун тасмасы

Екатеринбургда эмгектенген ишкер жана «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовго кылмышкерлер кол салган учурдун видеосу тарады. Аны YouTube хостингине Wild Ural аттуу колдонуучу жарыялаган. 

Кадрдан 20-30 жаштар чамасындагы жигиттин токтоп турган унаадан түшүп, шашылыш жолду карай басып кеткенин көрүүгө болот. Бир маалда кадрда бооруна сумка кыскан Каримов жана анын артынан келаткан эки бала пайда болот. Кыргызстандык ишкер артынан түшкөн балдарды байкап, качайын дегенде чалынып жыгылат. Эки бала аны жатып калган жеринен ур-тепкиге алып башташат. Бирок ишкер сумкасын кое берген эмес. 

Жолдон өтүп бара жаткан аял-эркек аларды көрүп, арачалоого баратып, бирок бир нерседен корккондой артка кетенчиктешкенин көрүүгө болот. Алар окуянын акырына чейин четте карап турушкан.  Кылмышкерлер качып кеткенде гана күбөлөр ичин кармап, чөгөлөп отуруп калган Каримовдун жанына барышкан. Чакыртылган «Тез жардам» унаасы кыргызстандыктын өмүрүн сактап кала алган эмес. 

Эскерте кетсек, 53 жаштагы кыргыз жараны Камчыбек Каримовду 2-июлда Москва убактысы менен саат 15:00 чамасында Екатеринбург шаарындагы Калинин 22 дарегиндеги өзү жашаган 10 кабаттуу үйдүн артынан атып кетишкен. Ишкер курсак тушуна жана бутуна ок жеген. 

Сумкада 19 млн рубль болгону, кылмышкерлер анын 2 млн. рублин алып кетишкени айтылат. Жеринде кылмышкерлердин Түндүк Осетиянын номери илинген Volkswagen Touareg унаасы калып калган.