14.01.2020 14:01

Эки адамдын өмүрүн алган автокырсыктын чоо-жайы белгилүү болду

Эки адамдын өмүрүн алган автокырсыктын чоо-жайы белгилүү болду

Бүгүн, 14-январда болжол менен түнкү саат 02:30 чамасында Ысык-Кө облусунун Чок-Тал айылынын жанында эки жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кесепетинде эки киши мерт кеткен. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, «Камаз» үлгүсүндөгү автоунааны Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 37 жаштагы А. Шерик аттуу жаран башкарып, чыгыштан батышты көздөй келе жаткан. Ал эми МАN үлгүсүндөгү автоунааны Каракол шаарынын 31-жаштагы тургуну К. Эльдияр айдап, карама каршы тилкеде бара жаткан. «Камаз» экинчи унааны барып сүзгөн.

Кесепетинде эки жүк ташуучу унаалар тең өрттөнүп баштаган. Окуя болгон жерден “Камаздын” айдоочусу А. Шерик жана Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну К. Айбек аттуу жүргүнчү мерт кетишкен.

МАN автоунаасынын айлоочусу К. Эльдияр жана анын жанындагы жүргүнчү Түптүк 18 жаштагы Ш. Нурдин түрдүү жаракаттарды алышып, Ысык-Көлдүн райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.