07.02.2020 15:32

Дайынсыз жоголгон агасын издегени чыккан жарандын жансыз денеси табылды

Дайынсыз жоголгон агасын издегени чыккан жарандын жансыз денеси табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бир туугандардын бири Кубат Асановдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 9-январда Канат Асанов Бишкекте дайынсыз жоголгон. Аны иниси Кубат Асанов издөө үчүн 15-январда саат 11:00дө үйүнөн чыгып кетип. Ошол бойдон кайтып келген эмес.

Маалыматка ылайык, маркум Кубат Асановдун жансыз денесин туугандары таанышкан. Учурда тиешелүү иликтөө-иштери жүрүп жатат.