14.02.2019 16:31

Эки ай мурун жоголгон Темиркул Соронбаевди издөө уланууда

Эки ай мурун жоголгон Темиркул Соронбаевди издөө уланууда

Аламүдүн районунун ИИБи эки айдан бери дайынсыз жоголгон 53 жаштагы эркек кишини издөөнү улантууда. 

Маалыматка караганда, Темиркул Абылгазиевич Соронбаев 2108-жылдын 12-декабрга караган түнү Кой-Таш айылында жайгашкан кашардан чыгып кетип, ошол бойдон үйүнө келген эмес. 

Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай, көздөрү кара, чачтары кыска, ак аралаган, мурду кырдач.

Үстүндөгү кийими: кара түстөгү свитер, кара жинсы шым, бутунда сары түстөгү жайкы бут кийим. Анын спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу адаты бар экени айтылат. 

Темиркул Соронбаев тууралуу көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөбүз:

0312 36 35 23, 0550 51 09 05, 0704 31 25 05, 0550 34 33 63