Эки жумадан бери кыргызстандык аял Анталья ооруканасында оор абалда жатат. Жардам керек

Эки жумадан бери кыргызстандык аял Анталья ооруканасында оор абалда жатат.  Жардам керек

Түркиянын Анталья шаарында ооруканада жаткан Масылканова Айнурка жардамга муктаж. Бул туурасында April.kg порталына аталган шаардагы «Кыргыз эли» коомунун мүчөсү Дилдекан Атабекова билдирди.

Анын айтымында, Айнурканын ооруп жатканына көп болсо да, Түркияда мыйзамсыз иштеп жүргөндүктөн, дарыгерлерге кайрыла алган эмес. Качан гана эки ай төшөккө жатып калганда, иштетип жаткан түрк жараны ооруканага жеткирген. Жергиликтүү дарыгерлер ага операция жасап, ичинен 15 литр суу алышкан.

«8-апрель күнү ооруканага оор абалда кыргыз келин түштү деген маалыматты угуп, биздин коомдун мүчөлөрү бардык. Башында туугандары жөнүндө эч нерсе айтпай жатты. Дары-дармегине акчаны ишенсеңер, көчөлөп жүрүп чогулттук.  Кафелерде кыргыз жарандары отурганын көрүп калсак, уятты жыйыштырып жанына барып, абалды түшүндүрүп, акча сурап аттык. Бир күндө ашып кетсе, 200-300 түрк лирасы чогулат, ал да күнүмдүгүнө кетип жатат. Айла кеткенде, акча бер деп мурунку иштетип жүргөн түрккө асылып калабыз. Таппай калсак, улам бирибиз өз чөнтөгүбүздөн чыгарып берип жатабыз. Бул жактагылар деле үй-бүлө багам деп иштеп жүргөндөр болгондуктан, аларды да түшүнсө болот. Азыр ооруканага 225 миң сомго жакын карызы бар», -деп билдирди Дилдекан Атабекова.

Учурда Кыргызстандагы бир туугандары Айнурка Масылканованын абалын угушканы менен, эч кимиси бара элек.  «Туугандары, күйөөсү, үйлөнгөн эки баласы бар экен. Алар менен байланышып, апасынын абалын айтканыбыз менен ушул күнгө чейин эч бири келе элек. Азыр Айнурканын ахыбалы өтө оор, боору гана эмес, эки бөйрөгүндө да көйгөй бар экен. Азыр биздин эң биринчи маселебиз - карызын жаап, жолуна билет алып берип, бала-чакасынын кашына – Кыргызстанга жөнөтүү. Мынча каражатты чогултуу жалгыз биздин колубуздан келчүдөй эмес», -деп билдирди «Кыргыз эли» коомунун мүчөсү. 

Масылканова Айнурканы мекенине жөнөтүүгө жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсептерге акча которсоңуздар болот: 

Аида Турусбековна Жайлообаева

1181000201918085 USD

1181000201918085 KGS

1180000125741916 EUR

1180000125742017 RUB