15.08.2019 12:52

ЕККУ Кыргызстан бийлигин «Апрель» телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды

ЕККУ Кыргызстан бийлигин «Апрель» телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ЖМК эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстан бийлигин «Апрель» телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Арлем Дезир өз кайрылуусунда телеканалдын мүлкүнүн камакка алынышы жана ишмердүүлүгүнүн токтотулушу боюнча тынчсыздануусун билдирет. 

ЕККУ өкүлү мүлк кандай жагдайда камакка алынганынан кабары бар экенин белгилеп, бирок ага карабастан, бийликти чечимин кайра карап чыгууга чакырды. 

Арлем Дезирдин айтымында, ЖМКлардын эркиндигин жана ар түрдүүлүгүн оор кырдаалдарда да сактап калуу керек.  Андан тышкары, ЕККУ өкүлү саясий окуяларды чагылдырып жаткан журналисттердин коопсуздугу жөнүндө кам көрүү зарылдыгын эскертти.  

Эскерте кетсек, 9-августта ИИМдин Тергөө кызматынын өкүлү атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын кеңсесине кирип, каналдын бардык кызматкерлеринин офистен чыгып кетүүсүн талап кылган. Муну «Медиа Форум» ААК имараты камакка алынганы менен түшүндүрүшкөн. Он беш мүнөттүн ичинде бардык кызматкерлерди имараттан чыгарып, «Медиа Форум» имаратын жаап кетишкен. Ошол күндөн бери телеканал кызматкерлери кеңсеге киргизилбей келет.