24.04.2019 12:40

Экономика министрлигинин имаратынын алдында ташталган баштыктан бомба табылган жок

Экономика министрлигинин имаратынын алдында ташталган баштыктан бомба табылган жок

Экономика министрлигинин имаратынын алдында ташталган баштыктан бомба табылган жок. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 24-апрелде саат 11:05дө Бишкек ШИИББнин нөөмөт бөлүмүнө Экономика министрлигинин имаратынын жанында шектүү баштык жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине УКМК менен ИИМдин кызматкерлери ыкчам жөнөтүлгөн. Аймак курчоого алынып, адистер шектүү предметти жана жакын аймакта жарылуучу заттын жоктугун текшеришкен. Жыйынтыгында шек жараткан баштыкта таштанды бар экени аныкталган.