23.12.2019 12:43

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго сот өкүмү бүгүн чыгат

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго сот өкүмү бүгүн чыгат

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. 

 «Калыс-Ордо» калктуу конушундагы мектептин курулушу эпизоду боюнча жарыш сөздө мурунку мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочу Сергей Слесарев сөз сүйлөдү. Ал бул эпизод боюнча актоочу өкүм чыгышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

«Коргоочу тарап жүргүзүлгөн экспертиза мыйзамга жана укук нормасына дал келбейт деп далилдеди. Эксперттер дагы сот залына келген жок. Бир гана эскпертти суракка алууга мүмкүн болду, бирок кийинки отурумга биздин суроолорго жооп берүүдөн качып келбей койду. Эксперттердин бир бөлүгүнүн сертификаты жок, алардын корутундуларына баары кол коюшкан эмес», — деди жактоочу.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.  Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.