19.05.2020 11:57

Сокулук районундагы катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Сокулук районундагы катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айыл аймагынын Күн-Туу айылында 18-май күнү саат 23:30 чамасында ылдамдыгы болжол менен секундасына 16 метрге жеткен шамал катталган.

"Шамалдын кесепетинен 2015-жылдан бери иштебеген, авариялык абалдагы Б.Жамгырчинов атындагы орто мектебинин 250м2 темир чатырын (тунуке) учуруп кеткен", - деп айтылат маалыматта. 

Кырсык катталган жерге КР ӨКМнин Сокулук райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргону комиссиясы чыгып кеткен.