26.05.2020 13:38

Нарында катуу шамал чатырларды учуруп кетти

Нарында катуу шамал чатырларды учуруп кетти

Нарын облусунун эки районунда катуу шамал катталып, маданият үйүнүн жана эки дүкөндүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кече  25-май күнү саат 19:30 чамасында Ак-Талаа районунун Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк, Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен 20 м/с жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан «Манас», азык-түлүк саткан «Алинур» жана «Минутка» ашканасынын чатырларын учуруп кеткени айтылат.

Ошол эле күнү саат 18:00 чамасында Ат-Башы районунун аймагында ылдамдыгы болжол менен 25-27 м/с жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 ч.м. чатырын, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 ч.м. чатырын учуруп кеткен.

Жеринде райондук өзгөчө кырдаал бөлүмү жана жарандык коргонуу комиссиясы барып, тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.