Үйдөн чыкпагыла! Нарында абал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлиги нарындыктарга кайрылды

Үйдөн чыкпагыла! Нарында абал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлиги нарындыктарга кайрылды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Нарын облусунун тургундарына кайрылып, максатсыз коомдук жайларга чыкпоону суранды. Ошондой эле, оорунун алдын алуу чараларын сактоого чакырды.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча коронавирус менен 194 учур катталган. Облус боюнча обсервацияда 126 адам турат, анын ичинен 42си медкызматкер.

“Катнашта болгондордун саны – 1400дү түздү, үй карантининен 545 адам чыгарылып, 664 адам медициналык кароодо турат. Беш мобилдик топ очоктордо иштеп жатат”, -  М.Каратаев.

Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал туруктуу, ал эми Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда курч бойдон калууда. Облус боюнча тиешелүү дары-дармектер жана ИВЛ аппараттары жетиштүү.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1243 кишиге жетти. Ичинен 898 бейтап ооруканадан чыгарылган.