20.05.2020 09:00
Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын биринчи вице-мэринин абалы канааттандырарлык
Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын биринчи вице-мэринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
«18-май күнү Нарын облустук бириккен ооруканасына COVID-19 диагнозу менен Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри Давид Курманов жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп айтышууда», — деп билдирет штаб.
Эскерте кетсек, буга чейин Нарын шаарынын мэриясы шаардын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алган. Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыктан иштеп жатканын билдирген. Ошондой эле биринчи-вице-мэр менен байланышта болгондордун баары аныкталып, алардан анализ алынган.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: