11.06.2019 10:47

Экс-мэрлер боюнча соттук отурумда күзөт журналисттерге укугунан аша чаап мамиле кылды

Экс-мэрлер боюнча соттук отурумда күзөт журналисттерге укугунан аша чаап мамиле кылды

Бүгүн, 11-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Соттук процесстин башында жактоочулардын бири келбей калганы белгилүү болду. Төрагалык кылып жаткан сот Кубанычбек Касымбеков жарым сааттык тыныгуу жарыялап, бул убакытта күзөт соттолуучуларды залдан алып чыгып кетти. 

Соттолуучулардын туугандары жана тарапташтары гана калган сот залын «Апрель» телеканалынын журналисттери камерага тартып алууну көздөгөндө күзөт кызматы тартуу иштерине тоскоолдук жаратып, операторду залдан чыгарып салды.  

Экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев тыныгуу учурунда тартуу иштерин жүргүзүүгө  уруксат экенин, күзөттүн тоскоол болууга укугу жок экенин билдирди. Күзөт соттун тыюу салган чечими бар экенине шылтап, бирок ал чечимди көрсөтүп бере алган жок.