05.07.2019 13:46

Экс-мэрлерди камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Экс-мэрлерди камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 5-июлда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматова менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Буга чейин сот Кубанычбек Касымбеков айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасын карап чыгуу зарылдыгын билдирген. Прокурорлор камакта кармоо мөөнөтүн узартууну сурашса, жактоочулар үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Судья Кулматов менен Ибраимовду 6-сентябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарды.