17.04.2019 15:56

Экс-мэрлердин иши. Сот Токтайым Үмөталиеваны Кулматовду коргоо укугунан ажыратты

Экс-мэрлердин иши. Сот Токтайым Үмөталиеваны Кулматовду коргоо укугунан ажыратты

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун жакындары бүгүн да процесске катыша алышкан жок. Сот залынын кире беришин 10 тартип сакчысы кайтарып турат. Бул туурасында КСДП маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 17-апрелде Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча кезектеги отурум өтүп жатат. Мурдараак жактоочу процесстин жүрүшүндө бир канча бузуулар болгонун, анын арасында сотту өткөрүүгө шарттардын жоктугу туурасында билдирген эле. Бул арызданууларга карабастан, судья сот отуруму өтчү залды алмаштырган жок. 

Муну айыпталуучулардын туугандары экс-мэрлерге карата саясий куугунтук деп эсептешет. «Бул саясий куугунтук экени дароо көрүнүп турат. Бардык мамлекеттик телеканалдарда күн сайын Кулматов менен Ибраимовду каралоо жүрүп жатат. Биз бешинчи жолу сотко келип жатабыз, келген сайын - ушул көрүнүш. Качан өнүккөн мамлекеттердегидей соттук отурум болот?», - деп билдирди тарапташтарынын бири Сүйүмкүл Жантемирова.

Ошондой эле, соттун жүрүшүндө айыптоочу тараптын өтүнүчү менен телеоператорлор сот залынан чыгарылып, Токтайым Үмөталиева Кулматовду коргоо укугунан ажыратылды. Сот анын коргоого уруксаты жок деген чечим чыгарды.