02.05.2019 12:30

Экс-мэрлердин иши. Түшкү тамакка шашкан сот Кулматовдун өтүнүчүн кабыл алган жок

Экс-мэрлердин иши. Түшкү тамакка шашкан сот Кулматовдун өтүнүчүн кабыл алган жок

Бүгүн, 2-майда Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Процесстин жүрүшүндө Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев алдын ала угуу өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирди.

Бирок, сот дал ушул кылмыш иши боюнча угуу өткөрбөй эле койсо болот деген чечимге келип, баш тартты. Ошондой эле ал мыйзамды бузуу менен соттолууулардын оюн сурабай туруп, чечим чыгарды. 

Экс-мэр Кулматов өз кезегинде соттун бул аракетине нааразыланды.

«Айыпталуучулардын ою эмне маанилүү эмеспи? Сиз алардын оюн укпай туруп, чечим чыгарууга укугуңуз жок. Мен кылмыш иши менен тааныша элекмин деп, алтынчы жолу айтып жатам. Мындан улам өтүнүч кат берейин дегем», - деди Кулматов.

Сотто төрагалык кылган Кубанычбек Касымбеков түшкү тамактануу учуру келип калганын билдирип, өтүнүчтү четке какты.