20.05.2019 11:59

Экс-мэрлердин иши. Жактоочу соттон айыпталуучуларды бошотууну суранды

Экс-мэрлердин иши. Жактоочу  соттон айыпталуучуларды бошотууну суранды

Бүгүн, 20-майда, Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук угуу өтүүдө. Бул туурасында КСДП билдирди.

Процесстин жүрүшүндө жактоочу Сергей Слесарев экс-мэрлер  ишин кароодо Ленин райондук сот тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал Кулматов менен Ибраимовду камакта кармап турууга негиз болгон актынын көчүрмөлөрүн берүү өтүнүчү менен арыз берген. Кийин айыпталуучулар бир айдан ашуун убактан бери камакта мыйзамсыз отурганы аныкталган. 

Жактоочу ушул жылдын 31-январь күнү  сот кылмыш ишти өндүрүшкө кабыл алган деп түшүндүрдү. Мыйзам боюнча, кылмыш ишин териштирүүгө эки ай берилет. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин сот  баш коргоо чарасын өзгөртүш керек, же камакта кармоо  мөөнөтүн узартышы керек.  Сот бул ишти кылган эмес. 

Мындан тышкары, юрист сот тарабынан кетирилген башка мыйзам бузууларды санады. 

«Биринчиден, баш коргоо чарасын карап жатканда, прокуратура камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу үчүн эч кандай негиз келтирген жок. Экинчиден, Кулматов да, Ибраимов да камакта мыйзамсыз  отурушат. Үчүнчүдөн, судья Касымбековдун кылмыш иши караганга  укугу жок болчу. Анткени, ал  мектеп курулушу боюнча кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган эмес», - деп билдирди ал.

Буга байланыштуу жактоочу Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду камакта кармоо чечимин жокко чыгарууну суранды.  

Эскерте кетсек, 2-майда Ленин райсоту Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.