31.05.2019 10:37

Экс-мэрлердин иши. Жактоочуларга отурумду тасмага түшүрүүгө уруксат беришкен жок

Экс-мэрлердин иши. Жактоочуларга отурумду тасмага түшүрүүгө уруксат беришкен жок

Бүгүн, 31-майда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланып жатат. Соттук отурум учурунда экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев процессти видеофиксациялоо өтүнүчүн келтирди. 

«Соттук процесс кандай өтүп жатканын видео тасмага түшүрүп калуу зарыл деп эсептейм. Андыктан, судьядан сотту видеофиксация менен камсыздоону өтүнөм», — деди ал. 

Башка жактоочулар Слесаревдин өтүнүчүн колдошту. Бирок судья сот залындагы видеокамералар иштебей турганын айтып, өтүнүчтү четке какты. 

«Өтүнүч четке кагылат, анткени буга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле, видео жазууларды сактай турган жер жок. Келечекте бул маселени карап чыгабыз», — деди сот. 

Слесарев анда соттук процессти жактоочулардын видеого тартып калуусуна уруксаат берүүсүн өтүндү. Бирок сот Кылмыш кодексине шылтоо менен каршы болду. Анын айтымында, кодексте коргоочу тараптын тасмага тартуусу каралган эмес. 

Сергей Слесарев сот залынын тар экенин дагы бир жолу айтып, бардык жактоочулар жана соттолуп жаткандардын жакындары баткыдай кенен зал берүү өтүнүчүн келтирди. Ал мурда Ленин райондук соттун төрагасы Кубанычбек Касымбеков Сот департаментине кайрылып, башка зал алып берүү убадасын бергенин билдирди. Бирок, андай суроо жөнөткөнү боюнча бир да документ көрсөткөн эмес 

«Айыпталуучулар тыгылып араң батып жатышат. Бизге иштегенге шарт жок. Андан сырткары, соттолуп жаткандардын туугандары залга батпай тышта калып жатат. Алар  соттук отурумга катышыш керек эле», - деди адвокат.

Судья башка бош зал жок деген шылтоо менен өтүнүчтү канааттандырган жок.