30.08.2019 10:50

Экс-мэрлердин соту. Албек Ибраимов көрсөтмө берүүдөн баш тартты

  Албек Ибраимовдун иши (5 материалов)
Экс-мэрлердин соту. Албек Ибраимов көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Процесске Кубанычбек Касымбеков төрагалык кылууда. 

Бүгүн Албек Ибраимовду шаардын түштүк тарабындагы жер аянттарын бөлүп берүү эпизоду боюнча суракка алуу пландалган. Бирок, ал көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Мурунку шаар башчынын айтымында, бул эпизод боюнча айыпталып жаткандар башка адамдар тергөө менен сүйлөшүп алышкан. Алар эмне себептен мындай кадамга барышканын түшүндүрүшкөн эмес.

«Менин оюмча, аларды УКМКнын Тергөө абагына 2-3 жума камап койгондон кийин тергөө менен келишимге барышты. Аларга кысым болду», -деди ал.

Эскерте кетсек, Албек Ибраимовду «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармашкан. 

Ошондой эле, тергөөнүн божомолунда мэриядагы башка жооптуу кызматта отурган адамдар менен биргеликте борбордун түштүк тарабында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке жактарга берген.