23.12.2019 14:00

Экс-мэрлердин соту. Отурумга "Азия Микстин" капитаны келди

Экс-мэрлердин соту. Отурумга "Азия Микстин" капитаны келди

Бүгүн, 23-декбарда Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. 

Мурунку калаа башчыларга колдоо максатында соттук отурумга “Азия Микс” тамашоу командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров келди.

Белгилей кетсек, Бишкектин мурдагы мэрлери сот отурумунда акыркы сөзүн сүйлөштү. Андан соң сот тыныгууга чыкты. Маалыматка караганда, өкүм бүгүн түштөн кийин чыгаары божомолдонууда.

 

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.