28.09.2018 12:36

Эксперттер: Алмазбек Атамбаев чоң саясатка кайтты

Эксперттер: Алмазбек Атамбаев чоң саясатка кайтты

25-сентябрда КСДП партиясы өзүнүн 25 жылдыгын белгилеп, төрагасы Алмазбек Атамбаев бул датага байланыштуу кайрылуу жолдоду. Анда экс-президент партиялаштарын маареке менен куттуктап, бийлик башында тургандагы кетирген кадрдык каталарын мойнуна алды. Эксперттер Атамбаевдин бул кайрылуусун чоң саясатка кайра кайтуу катары баалашты, деп жазат «Независимая газета» серепчиси Виктория Панфилова «Вестник Кавказа» сайтында. 

Алмазбек Атамбаев – КСДПнын негиздөөчү, 2011-жылы президент болуп шайлангыча партиянын туруктуу төрагасы болуп келген. Алты жылдан кийин президенттикти өткөрүп берип, Атамбаев кайра партияны жетектеп калды. 2018-жылдын мартында КСДПнын төрагасы болуп шайланды. Бирок, бул убакта партия ичинде раскол болду. Жогорку Кеңеште бир кезде башкаруучу болуп турган эң көп мүчөсү бар фракция иш жүзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүнө өттү. Өлкөдө «КСДП Атамбаевсиз» деген ураан менен партиялык жыйындар өтүүдө. Оппозициялык «Ата-Мекен» партиясы Атамбаевдин президент болуп турган кезиндеги ишмердигин текшерүүнү талап кылууда. КСДПнын бир нече мүчөсү жемкорлукка айыпталып, Тергөө абагында отурушат. Тактап айтканда, мурунку премьер-министр Сапар Исаков жана мурунку бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.

Башкача айтканда, Атамбаев өзүнүн кадрдык катачылыктарын мойнуна алды. Өз кайрылуусунда ал партиянын катарын тазалоо зарыл экенин билдирди. 

«Акыркы жылдары биздин партия мүчөлөрү кадрдык саясатка олуттуу өлчөмдө таасир этип, ката кетиришти. Мен өзүм дагы аз эмес кардык ката кетирдим. Бийликке жакын болгон ар бир партия мансапка жетүүнү көздөгөндөр үчүн кызыктуу болоору турган иш. Бул КСДПны да четтеп өткөн жок. Биз мындай кадрлардан убагында тазалана албай калдык», – деди Атамбаев.

Анын айтымында, тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон, ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат.

«Бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат! Ошондуктан биз бүгүн партиянын ишин тереӊ талдап, талдап, жетишкендиктерди ойдон сыдырып, кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тескерисинче, ушул оор шарттарды пайдаланып биз «уйгактардан», мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алышыбыз керек!», – деп баса белгиледи Атамбаев өз кайрылуусунда. 

КСДП лидери келечекте партия буга чейин топтолгон саясий ишмердүүлүккө таянаарын билдирди. Анын айтымында, партия «бардыгы үчүн, анын ичинде жаштар үчүн да ачык».

Ал эми, кыргыз саясатчысы  Равшан Жеенбеков, жаңылыш кадр саясаты эгемендүүлүктү алган биринчи күндөрдөн баштап эле жүргүзүлүп келе жатат. 

«Акыркы 10 жылда ал жогорку деңгээлге жетти. Буга коррупцияланышкан партиялык тутум себеп болду. Айрым жетекчилер партиянын атынан өз туугандарын министр, анын орун басары, же жада калса өкмөт башчысы кылып дайындашты», – деп билдирди «Вестник Кавказа» сайтына Жеенбеков.

Ал эми, эксперт Марс Сариев Атамбаевди саясий аренадан чийип салууга али эрте деп эсептейт. 

«Атамбаевдин саясий билдирүүсү, өзүнүн кадрдык жаңылыштыгын мойнуна алуусу - дзюдо принциби, бул принципти Россия президенти Владимир Путин да ийгиликтүү колдонуп келет– жеңүү үчүн жол бошотуу. Атамбаев өзүнүн дарегине айтылган сындарды туура кабыл алып, катасын мойнуна ала турганын көрсөттү. Бул анын  активдүү саясий фазага кайтып келүү тууралуу кабары» – деди Сариев. 

Эксперттин айтымында, Атамбаевге эч нерсе деле кылуунун кереги жок, болгону кытай акылмандары айткандай,  «суу жээгине отуруп, душманынын өлүгү агып келгиче күтүп туруу керек».

Атамбаев, партиянын катарын тазалап, Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде четтетилип калган кландардын эсебинен кайра жаңылашы мүмкүн. Ал, Марс Сариев айткандай, калктын ойлоно билген катмарынын биригүүсүнө  ишенип жатат.  

«Анын ресурсу  – өлкөнүн орус тилдүү бөлүгү, жана ислам тарапка өтө ооп кетүүдөн чоочулаган светтик, шаардык кыргыздар.  Алар- «жем жеген акырынан» алыстатылган элита.  Алар - кошумча салык төлөөгө милдеттендирилген бизнестегилер. РФ президенти Путиндин Бишкекке келе турганын алдын ала жар салган кыргыз ТИМи да жардамдашты. Бирок, башка маалыматтарга караганда, орус президенти Душанбе менен Ташкентке эле келет. Ошентип жик пайда болуп жатат: бир тарапта  Жээнбеков, ЕБ, Батыш, Түркия жана бейөкмөт уюмдар. Башка тарабында орус тилдүүлөр —улуттук азчылыктар, орустар, славян элдери жана шаар тургундары. Мына ушул жараңка Атамбаевдин пайдасына иштеп берет», – деп эсептейт Сариев.

«Экономикада кризис болуп жатканы азыркы президент үчүн минус. Иштебей турган өндүрүштөр азайбай эле. Учурда 38 ишкана токтоп турат. Өлкөгө чет өлкөлүк түз инвестициялардын да келүүсү азайды», – деп билдирди Экономика министри Олег Панкратов.

Бул төмөндөө  мамлекет эл аралык инвесторлордун ишенимин жоготкону менен түшүндүрүлөт. Бишкек үчүн насыя алуу да көйгөйлүү болуп калды. Бишкек ЖЭБиндеги чуулуу насыядан кийин Кытайдан кредит алуу тууралуу сөз кылбай эле койсо болот. Түркиянын акчасы жок, Сауд  Аравиядан Жээнбеков акча сурай албайт. Болгону Москва калат. Бирок, Москвадан жардам алуу үчүн багытты өзгөртүш керек. Азыр АКШ Кыргызстан менен мамилесин оңдоого үмүттөнүп жатат.

Ал эми, Атамбаевдин учурунда америкалык база жоюлуп, достук келишими жокко чыгарылган.