10.01.2019 21:42

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Индияга барбайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Индияга барбайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү өргүүсүн кийинкиге калтырды. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

«Эскерте кетсек, Алмазбек Шаршенович 11-январда үй-бүлөсү менен Индияга барып, эс алып келүүнү көздөп жаткан. Бирок, бул сапар кийинкиге жылдырылды. Мындан саясат издебегиле», -деп билдирди Жолдубаева.

Буга чейин экс-президент 11-январда Индияга барып, 21-январда кайтып келери айтылган эле.