31.12.2019 15:31

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы Жыл майрамы менен куттуктады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы Жыл майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев мекендештерин жаңы жылдык майрамы менен куттуктады.

Өз куттуктоосунда Алмазбек Атамбаев жашоодогу бардык кыйынчылыктарды жеңүү мүмкүн деп, кыргызстандыктарды жакшыдан үмүт үзбөөгө чакырган.

«Кымбаттуу мекендештер!

Жаңы жыл – баарыбыз кереметке ишенген, изги үмүттөрдүн жана аруу тилектердин майрамы! 
Мага ишенип коюңуздар, Кудай таалам биз жеңе албаган сыноолорду жибербейт, кыйынчылыктар биздин өлкөнү күчтүү, элибизди даанышман кылат.

Менин кымбаттууларым!

Келе жаткан жаңы жылда сиздердин баарыңыздарга жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр, бакты таалай жана аруу тилектериңиздердин ишке ашуусун каалайм.

Жакшылык дайыма жамандыкты, чындык дайыма кара мүртөздүктү жеңип чыгаарын унутпаңыздар.

Жаңы жылыңыздар кут болсун! Бактылуу, таалайлуу болуңуздар!»