21.11.2018 10:00

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Курултайга катышпайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Курултайга катышпайт

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда боло турган саясий күчтөрдүн курултайына катышпайт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады. 

«Кечээ Алмазбек Шаршеновичтин атына 24-ноябрда өтө турган Курултайга чакыруу алдык. Сиздердин суроолордун алдын алып жооп берейин: Алмазбек Атамбаев бул курултайды катышуусу зарыл болгон жыйын катары эсептебейт. Уюштуруучулардын арасында өзүнүн керт башынын пайдасын ойлогондор үстөмдүк кылып жатканы көрүнүп турат. Бул маселеге кайра кайрылбайбыз», -деди расмий өкүл.