27.02.2020 13:09

Экс-президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагында китеп жазууда

Экс-президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагында китеп жазууда

Кыргызстандын экс-президенти УКМКнын убактылуу кармоочу жайында китеп жазууда. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу Замир Жоошевге таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мурунку мамлекет башчы китептин жарымын жазып чыкканга үлгүргөн. Ал жакта автордун балалыгы жана мектеп курагы камтылган.

 «Алмазбек Атамбаев китепти өзү жазууда. Ал үчүн атайын дептерлерди алып барып беришкен. Өзүнүн саламаттыгы начарлап турганына карабастан, тынымсыз иштеп жатат, китепти колго жазууда», - дейт Замир Жоошев.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августунда күч түзүмдөрү Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, жалпы жонунан 225 адам жабыркаган. Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча кылмыш иши козголгон:

  • 39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);
  • 355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);
  • 337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);
  • 244 («Адамдарды барымтага алуу»);
  • 264 («Массалык башаламандык»);
  • 130 («Киши өлтүрүү»);
  • 130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);
  • 253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);
  • 257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);
  • 338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.

Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган.