08.08.2019 12:14

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташат

Экс-президент жана анын тарапташтары мөөнөтсүз митинг баштай тургандыктарын жарыялашты. Бүгүн, 8-августта Алмазбек Атамбаев ЖМК өкүлдөрүнө чыгып, билдирүү жасады.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ар тарабынан аны колдогон адамдар келе жатат. Саат 16:00-16:30да алар менен «Форумдун» алдынан жолугуп, андан «Ак үйгө» барат. Ал жакта бийликтин учурдагы мыйзамсыз аракеттерине каршы мөөнөтсүз митинг башталат.  

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кармалып турган атайын багыттагы отряддын 6 жоокерин бүгүн кое беришет. Аларга мүмкүн болгон медициналык жардам көрсөтүлдү, абалдары жакшы.    

Экс-президенттин айтымында, Кой-Таштагы төгүлгөн кан Жээнбековдун абийирине коюлат. Анткени, буга чейин бийлик кол салуу уюштурса, куралдуу коргонууга даяр экенин бир эмес, бир нече ирет эскерткен.

«Курал жалгыз менде болду, ал эми мени колдоого келген адамдардын колунда эч кандай курал-жарак, керек болсо, рогатка дагы жок болчу», -деп билдирди Атамбаев.

Ал бийликке анын Азиз Батукаев тууралуу, же башка иштер тууралуу көрсөтмөсү керек эмес деген ойдо.

«Мен суроолорго жооп берүүнүн ар кандай түрүн сунуштап көрдүм. Бирок аларга чындык керек эмес, Атамбаевди сындырып, камап, же өлтүрүш керек болду», -деди мурунку өлкө башчы.