10.06.2019 12:57

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке YouTube-каналы иштеп баштады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке  YouTube-каналы иштеп баштады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев YouTube-канал ачты. Ал жакка мурунку өлкө башчынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу тасмалар, элге жасаган кайрылуулары, билдирүүлөрү жарыяланып турмакчы.

Алмазбек Атамбаев социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. Буга чейин экс-президент Фейсбукта жана  Инстаграмда өз баракчасын ачкан болчу.