18.06.2019 13:06

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар кыскарды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар кыскарды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жабык өткөн отуруму жыйынтыкталып, анын негизинде токтом кабыл алышты.  

Кечээ өткөн отурумда Атамбаевге 9 айып тагылып жаткан, бүгүн анын саны алтыга түштү. Алар – Бишкек ЖЭБин жаңылоо, Тарых музейин оңдоп-түзөө, Азиз Батукаевди мыйзамсыз боштондукка чыгаруу, ЖЭБге көмүр ташып келүү, Кой-Таштагы жер тилкелери боюнча маселе, ошондой эле Ысык-Көлдө 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резортко» мыйзамсыз берүү маселелерине байланыштуу. 

Азырынча депутаттар комиссия экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу сунушун беришерин так айтыша элек. 

Бүгүн, саат 14:00дө токтомду Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап чыгат. 

Депутаттык комиссия экс-президенттин 8-июндагы «Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн» митингинде депутаттардын дарегине айткан катуу сөздөрүнөн кийин түзүлгөн. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев эл өкүлдөрүн «чимкириктер» деп атаган. Бул сөзгө депутаттар катуу теригип чыгышкан.