09.08.2019 13:32

Экс-президенттин уулу суракка чакырылдыбы? УКМК менен ИИМдин жообу

Экс-президенттин уулу суракка чакырылдыбы? УКМК менен ИИМдин жообу

Экс-президенттин уулу Сейтек Атамбаев сурак берип чыкканы тууралуу маалыматты ИИМ жана УКМК төгүндөдү.

24.kg агенттигинин маалыматында, ички иштер министринин  орун басары Курсан Асанов мурунку мамлекет башчынын уулу милицияга чакырылбаганын билдирди. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да Сейтек Атамбаевдин кармалышы жана суралышы тууралуу маалыматы жок экенин жарыялашууда.

Эске салсак, бүгүн Facebook социалдык тармагында, Сейтек Атамбаев атын жана туулган жылын айтып жаткан видео тарап, экс-президенттин уулу сурак берип жатканы айтылган. Кийинчерээк бул маалыматты КСДПнын айрым мүчөлөрү тастыктап, Сейтек сурактан соң, коё берилгенин маалымдашкан.