06.07.2020 23:52

Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков каза болду

Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media парламенттеги булактрага шилтеме кылып жазды. 

Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмония диагнозу менен Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Акыркы күндөрү дем алдыруучу апарат менен дем алып жатканы да кабарланган эле. 

Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунун Жан-Булак айылында туулган. Филология илимдеринин кандидаты. 2010-жылы Жогорку Кеңешке КСДП партиясынын депутат болуп шайланып келип, чоң саясатка аралашкан. Фракция лидери, коалиция башчысы болуп, 2016-жылы парламент төрагасы болуп шайланган. 2018-жылдан бери катардагы депутат болуп келген. 

Үй-бүлөлү, үч абаланын атасы. Чыныбай Турсунбеков күздө 60 жашка чыкмак. 

Апрель телеканалынын эмгек жамааты Чыныбай Акуновичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.