17.10.2018 08:30

Элчи 379,7 миң долларды «жеп койгон» деп шектелүүдө

Элчи 379,7 миң долларды «жеп койгон» деп шектелүүдө

Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев мамлекеттик бюджеттен 400 миң долларга жакын акчаны кымырган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Дипломат элчиликтин административдик имаратын курууда аткарылган иштер боюнча жалган документтерге кол койгон деп айыпталууда. Анын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекет 140 миллион теңге (379 миң 733 доллар) чыгым тартканы айтылды.

Бул боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий жооп даярдап жатканын маалымдады.

Ерик Утембаев 2016-жылдын апрель айында Казакстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.