04.02.2019 10:01

Элчи: Бишкек Орусиянын экинчи аскерий базасынын ачылуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт

Элчи: Бишкек Орусиянын экинчи аскерий базасынын ачылуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкө аймагында экинчи орус аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

«Кыргызстандын түштүгүндө экинчи орус аскердик базаcын ачуу маселеси биздин өлкөнүн жетекчилиги менен тиешелүү мекемелердин түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Мындан улам бул маселе эки өлкө президенттеринин марттагы жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн», — деди Аликбек Жекшенкулов.

Ошол эле маалда элчи Ооганстандын түндүк аймактарына Сирия менен Ирактан «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери жеткирилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. «Алардын Тажикстандын, андан кийин биздин аймакка кирип келүү ыктымалдыгы өсүп жатат», — деди ал.

Кыргызстандын аймагында Орусиянын бир нече аскердик объектилери бар. Алардын эң ириси — Канттагы авиабаза. Анын курамына Канттагы аэродром, Ысык-Көлдөгү аскер-деңиз базасы, Майлуу-Суу шаарындагы сейсмологиялык пункт жана Чалдовардагы байланыш түйүнү кирет.

Былтыр декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Орусиянын бир эле аскердик базасы жете турганын билдирген.