28.08.2018 09:00

Элчилик Москвада уурулук кылып, ок жеген кыргызстандыктар боюнча үн катты

Элчилик Москвада уурулук кылып, ок жеген кыргызстандыктар боюнча үн катты

Москвада ок жеген кыргызстандыктар тууралуу КР Россиядагы элчилигине расмий билдирүү түшө элек. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Элчиликтин айтымында, Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кыргыз жарандары кармалганы тууралуу маалымат түшкөн эмес. Мындан улам, элчилик болгон окуянын чоо-жайын билүү үчүн РФ укук коргоо органдарына кайрылды. 

Эскерте кетсек, айрым орус маалымат булактарында ишемби, 25-август күнү кечинде 2 кыргыз жигити Москвадагы Ярослав шоссесинде жайгашкан курулуш материалдары сакталган кампага ууруга кирип, бири бутуна ок жегени тууралуу маалымат жарыяланган.

Кечке маал кампадагы товарынын абалын текшерип коюу үчүн келген киши уурулардын үстүнөн чыккан. Эки кыргызстандык жаран кампадагы курулуш материалдарын унаага жүктөп жатышкан. Алгач уурулар менен мушташа кеткен кампа ээси акырында травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Иши оңунан чыкпай, качууга камданган ууруларды жетип келген полиция токтоткон. Сол бутуна ок жеген жаран ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы туруктуу, деп билдирет булак. Аларга карата «Уурулук»  беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталганы маалымдалат.