07.03.2019 11:55

Элчилик: Россияда өрттөн жабыркаган кыргыз жарандары бекер дарыланууда

Элчилик: Россияда өрттөн жабыркаган кыргыз жарандары бекер дарыланууда

Россиянын Владимир облусунда өрттөн жабыркаган кыргыз жарандары тууралуу КРнын аталган өлкөдөгү Элчилиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Гороховец шаарындагы «Русджам» айнек идиш чыгаруучу заводундагы көмөкчү жайда 5-мартта 18:15те өрт чыккан.

Тилсиз жоодон 7 адам жабыркап, алардын экөө КР жарандары болгон. Алар ооруканага жеткирилген. РФдагы Кыргыз элчилиги медициналык жайдын дарыгерлери менен телефондук сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз жарандарынын абалы тууралуу маалымат алып, аларга медициналык жардам бекер көрсөтүлөөрүн такташты. 

Учурда Владимир облусунун тергөө органдары өрттүн себептерин аныктоодо. Маалым болгондой, жалын вагондон чыгып, 4 чарчы метр күйгөн.

Элчилик окуя болгон жерге барып, жабыркаган кыргыз жарандары, «Русджам» заводунун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууну пландоодо. 

Буга чейин өрттөн жабыркаган кыргыз жарандарынын бири 28 жашта, экинчиси 33 жашта экени белгилүү болгон. 33 жаштагы Т.Б.нын  абалы өтө оор экени айтылган.