28.03.2019 18:35

Элчилик: Якутия башчысынын жарлыгынын кыргыз жарандарына тиешеси жок

Элчилик: Якутия башчысынын жарлыгынын кыргыз жарандарына тиешеси жок

Якутия башчысынын мигранттарга карата жарлыгынын кыргыз жарандарына тиешеси жок. Бул туурасында КР РФ Элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 27-мартта Саха республикасынын башчысы Айсен Николаев чет элдик жумушчуларды ишке алууга болбой турган экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесин кеңейткен жарлыкка кол койгон. Анда патенттин негизинде иштеп жаткан мигранттар тамак-аш азыктарын, ширелерди өндүрүү, кийим-кече өндүрүү тармагында, шаар ичиндеги жана шаардын чет жакасында жүргүнчү ташуу, жеңил такси жана автоунааны ижарага алып иштетүү, жүк ташуучу унаа айдоо, билим берүү жана саламаттык сактоо, укук тармагында, бухгалтердик эсеп, архитектура жана инженердик-техникалык долбоорлоодо, ошондой эле илимий изилдөө тармактарында иштей алышпайт деп көрсөтүлгөн.

Элчиликтин маалыматына караганда, Кыргызстан мүчөсү болгон Евразия экономикалык союзунун 2014-жылдын 29-майындагы Келишиминин 97-беренесине ылайык, Саха (Якутия) республикасынын башчысынын бул жарлыгынын Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок