11.01.2019 15:35

Элдик кабарчы: Чоң Чүй каналында бир жумадан бери койдун өлүгү жатат

Элдик кабарчы: Чоң Чүй каналында бир жумадан бери койдун өлүгү жатат

Бир жумадан бери Чоң Чүй каналында койдун өлүгү жатат, алган адам жок. Бул туурасында April.kg порталынын окурманы билдирип, тасма жөнөттү.  

«Бул Чоң Чүй каналынын ылдый жагындагы Алма-Ата 1а, 2 а көчөлөрү. Суунун үстүнүн баары - таштанды. Чоң Чүй каналында койдун өлүгү жатканына бир жума болду. Жери таштанды басып баратат. Бул жакка арак ичип, балык кармаганы унаа менен келишет. Кетип атканда ушинтип, көрүнгөн жерге таштандысын ыргытып кетишет. Бул аймакта таштанды салган челек да жок. Мэрияга кайрылсак, өзүңөрдүн акимиатыңарга кайрылгыла деп коюшкан. Бул көчөгө таштанды жыйнаган унаа да келбейт. Биз трассага чыгарып койсок, анан салып кетишет. Болбосо, жок», -дейт нааразы жаран.

Ал эми, «Тазалык» ишканасынын маалымат кызматы  April.kg окурманы жөнөткөн жогорудагы тасманы карап чыгып, бул аймак аларга карабай турганын билдирди. 

«Ал жакты уруксааты жок таштанды таштоочу жайга айлантып алышкан окшойт. Бул аймактын тургундары аларды өздөрү ишембилик уюштуруп, жыйнашы керек. «Тазалыктын» таштанды челектерине чыгарып коюшса, биз алып кетебиз», -деп билдиришти маалымат кызматтан.