20.10.2018 20:03

Элдик кабарчы: Жол кырсыгына кабылган кыз «Тез жардам» келгиче, улам эсин жоготуп атты

Элдик кабарчы: Жол кырсыгына кабылган кыз «Тез жардам» келгиче, улам эсин жоготуп атты

Бишкекте Аламүдүн базарынын жанында таксист жолдон өтүп бараткан кызды коюп кетти. Бул тууралуу April.kg порталынын «Элдик кабарчы» бөлүмүнө  күбөлөр билдиришти.

Кырсык бүгүн, 20-октябрда Курманжан Датка көчөсү менен Славянский көчөсүнүн кечилишинде эртең мененки 9:30 чамасында болгон. Күбөнүн билдиришинче, кара-көк түстөгү «Honda» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтчү өтмөктөн кызды сүзүп кеткен.

«Катуу сүзгөндүктөн, кыз 3-4 метрге учуп кетти. Жакын жерде жол тескөөчүлөр «акча жасап атышкан». Жол кырсыгы болгондо, кыймылдап коюшкан жок. «Тез жардам» кызматын ал жердеги күбөлөр чакырышты. Ал дагы 40 мүнөттөн кийин келди. Муздак жерде жаткан кыз бир нече жолу эсин жоготту. Мында да жолоочулар жардамга келип, бирөөсү өзүнүн сырткы кийимин чечип, кызга жапты», -деп билдирет шаар тургуну.