04.07.2019 10:51

«Элдик штабдын» активдүү мүчөсү Алга Кылычевди суракка чакырышты

«Элдик штабдын» активдүү мүчөсү Алга Кылычевди суракка чакырышты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү жактоочуларынын бири, «Элдик штабдын» мүчөсү Алга Кылычевди суракка чакырышты. Бул туурасында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Суракка чакыруу кагазы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан келген. Ага ылайык, Алга Кылычев бүгүн саат 15:00гө барыш керек.