29.11.2018 13:51

«Элдик табып» Хашим Зайналиев эми балдарды «дарылоого» киришти

«Элдик табып» Хашим Зайналиев эми балдарды «дарылоого» киришти

Элдик «табып» Хашим Зайналиев ишмердүүлүгүн дагы деле улантууда. Эми ал кичине балдарды дарылаганга өттү. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар бөлүмүнүн онколог-дарыгери Эмиль Макимбетов билдирди.

«Бакшылык уланууда. Кечээ бизге Хашимдин кордугунан кийин 5 жаштагы кыз келип түштү. Ал бизге биринчи жолу Ош шаарынан коюлган «ак кан» деген диагноз менен кайрылган эле. Ал жакта дарыланууну каалабай, Бишкекке келишиптир болчу, дарыгерлер аларды жаткырып, химиотерапия жасайлы дешсе, каршы болушкан. Көрсө, бир жумадан ашык кызды туугандары табыпка алып барып, дарылатышыптыр. Ал айыктырам деп кепилдик берген экен. Кандай дарылаганы түшүнүксүз, бирок, кан сийип баштаганда киндигинин өйдө жагына бир укол сайыптыр. Бул эмне деген шумдук? Азыр кыз оор абалда, боору менен көк боору аябай чоңоюп кеткен. Рактын клеткалары бардык жактарга тараптыр. Балким, жалганчы дарыгер колдонгон уунун таасири дагы деле жүрүп жаткандыр, анысы уубу же чөппү түшүнүксүз. Бул табыптын ишмердигин токтотуш керек. Бирок, туугандарынын милицияга арыз жазуу ойлору жок. Биз директордун атына рапорт жазабыз. Бирок, дарыланчу убакытты өткөрүп жиберишти. Бул башаламандыкты токтотуш керек, таш кылым эмес го», -дейт дарыгер. 

Эске сала кетсек, коомчулук  Хашим Зайналиев тууралуу 2016-жылы күзүндө билип баштаган. Анда Зайналиев эмчек рагына кабылган аялдын бир эмчегин наркозу жок эле кесем деп атып, өлтүрүп  алган. 

Анда милиция ага карата «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин ачкан менен, каза тапкан аялдын туугандары арыз жазбагандыктан, иш сотко жетпей токтоп калган. 

Бүгүнкү ачыкталган фактыдан улам,  милиция кайрадан табыптын ишин текшерүүгө алмай болду. Бул туурасында April.kg порталына Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

«Бул кылмыш болуп эсептелингендиктен, чогултулган материалдарды Октябрь райондук ИИБге жөнөтүп, каттайбыз. Жабырлануучу кызды ооруканадан таап, ага соттук-медициналык экспертиза дайындалат.  Анын жыйынтыгы боюнча табыптын ишине юридикалык баа берилет», -деп билдиришти милициядан.