06.09.2019 18:04

«Электр станциялары» ишканасы Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал тууралуу билдирүү таратты

«Электр станциялары» ишканасы Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал тууралуу билдирүү таратты

«Электр станциялары» ишканасы бүгүн Бишкек ЖЭБинде болгон окуя тууралуу билдирүү таратты.  Анда Бишкек ЖЭБде турбиналардын бирин убактылуу өчүрүү орун алганы айтылат.

«Анын жыйынтыгында эки слесарь жеңил күйүк жараат алды. Доктурлар тарабынан абалдары туруктуу деп бааланууда жана компаниянын өзгөчө көзөмөлүнүн алдында турушат. Жабдуулар туурасында айта турган болсок, турбина ишке киргизилген, электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилген жок жана киргизилбейт. Болгон окуянын себептери атайын түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча аныкталат. Компания жабыркаган кызматкерлерине бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатат», -деп билдирет басма сөз кызматы.