09.07.2018 15:05

Электрондук патент: чындыкпы же жомокпу?

Эми жеке ишкерлер үйүнөн чыкпай туруп патент ала алышат. Ал үчүн болгону интернет керек. Пилоттук долбоор 1 июлдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында иштей баштады. Ал эми 1 августтан тарта санариптик патентти Кыргызстандын башка аймактарындагы жарандар алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Чындап эле ишкерлердин түйшүгү азаябы? April.kg кабарчысы Аман Бакиров санариптик патенттүү болууга аракет кылып көрдү.