Кадр саясаты: Кубаныч Шатемиров салык кызматына келди

Кадр саясаты: Кубаныч Шатемиров салык кызматына келди

Кубаныч Шатемиров Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ошол эле документ ал мурунку кызматынан бошотулган.

Мурдараак Шатемиров КР мамлекеттик байланыш комитетинин жетекчисинин орун басарлык кызматында “Коопсуз шаар” долбоорун жетектеген.