Елена Баялинова саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кызматынан кетти. Себеби?

Елена Баялинова саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кызматынан кетти. Себеби?

Елена Баялинова саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу «Апрелге» ал өзү билдирди.
Анын айтымында, ал 23-апрелде өз ыктыяры менен кызматтан кеткен, ага чейин саламаттыкты сактоо министрлигинде бир айдай өз ыктыяры менен иштеген жана азыр ал мурунку жумуш ордуна кайтып барды. Белгилей кетсек, Елена Баялинова саламаттыкты сактоо жаатындагы медиа-эксперт.

«Мындан тышкары, эки тараптын ортосунда калган оор. Бир четинен, медицина кызматкерлерин коргоого аракет кылып жаткан адам, экинчи жагынан саламаттыкты сактоо министрлиги жана мекеме, өкмөттүн аракеттерин сындагандай болуп калат. Бул абдан татаал. Мен өзүмчө болууну чечтим», - деди министрдин мурдагы кеңешчиси.

Буга чейин укук коргоочу Бурул Макенбаева өзүнүн Facebook социалдык баракчасына Елена Баялинованын кызматтан кетүүсү –штабдын малымат саясатына туура келбей калганын билдирген.