06.04.2018 13:42

Элханга кол суналы: бөбөк сейрек кездешүүчү Паллистер-Киллиан синдромуна кабылган

Бүткүл Борбор Азияга бир чүрпө. Өтө сейрек кездешүүчү ооруга Кыргызстандык бөбөк чалдыкты. Паллистер Киллиан аттуу синдром медицинада кийин эле пайда болгон. Аталган дарт менен жер шаарында болгону 30 бала ооруйт. Илдетти кыргыздын эмес, дүйнө жүзүнүн алдыңкы дарыгерлери айыктыра албай убара. Бели бешиктен чыга элек жатып, оор дарт менен алышкан 2 жаштагы Эльхандын абалын April.kg кабарчысы Наргиза Асекова билип келди.